Садыр Жапаров “Кемпир-Абад” маселесин талкуулоо үчүн Өзгөн районунун тургундары менен жолугушууда 

Жыйын акимчиликтин имаратында өтүп, ага УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен башкы прокурор Курманкул Зулушев да катышууда. 

Чогулган тургундардын айрымдары залга батпай, көчөдө турушат.

Буга чейин Кыргызстан бийлиги Өзбекстан менен чек ара маселеси сүйлөшүү жолу менен чечилгенин билдирген. 

Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары Кыргызстан “Кемпир-Абад” суу сактагычынан ажырап калат деп кооптонууда. Алар эки өлкөнүн келишими боюнча ачык маалыматты талап кылышууда.

Related posts

TikTok Кыргызстандын аймагында иштебей калдыбы?

admin

Кар жаабайт. 4-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Дүйнөнүн ири инвесторлору чогулду. Кыргызстан көңүл борборунда

admin

Комментарий