Президент Садыр Жапаров бүгүн 26-ноябрда Кой-Таш аскер бөлүгүнө барды.
Мамлекет башчысы аскер бөлүгүнүн материалдык-техникалык базасынын, анын ичинде жоокерлердин жашоо шарттары менен таанышты.
Садыр Жапаров аскер бөлүктөрүнүн кыдыруусунун башкы максаты — аскердик милдетин өтөп жаткандардын тамактануу рациону менен таанышып, жоокерлердин тамак-ашы белгиленген нормада берилишине көңүл буруу.