Садыр Жапаров Коргоо министрлигинин Ысык-Көлдөгү тактикалык машыгууларына көз салды  

Президент— Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы Жапаров бүгүн, 2-мартта, Коргоо министрлигинин Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы полигонунда пландалган тактикалык машыгууларга көз салды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Машыгуулардын жүрүшүндө Коргоо министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн чет жакадагы жана калктуу конуштагы мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү бөгөт коюп, жок кылуу боюнча көрсөтмөлүү практикалык аракеттери чагылдырылды. 

Бир нече эпизоддорго бөлүнгөн аракеттерди көрсөтүүгө 200гө жакын өздүк курам, 30га чейин автоунаа, бронетранспорттук жана атайын техника, замбирек жана минометтук артиллерия, армия жана аскердик транспорттук авиациялык техника тартылган. 

Президент Садыр Жапаров Коргоо министрлигинин бөлүмдөрүнүн өздүк курамы күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда практикалык көндүмдөрдүн жана аскердик чеберчиликтин, аракеттердин ырааттуулугунун жогорку деңгээлин көрсөткөнүн белгиледи.

Related posts

39 жаштагы Асел Кененбаева министрдин орун басары болду

admin

Батыш автовокзалынын иши токтотулуп, каттамдар жаңы автобекетке көчүрүлүүдө

admin

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 32 млрд. сомдон ашты

admin

Комментарий