Садыр Жапаров «кускандар» тууралуу: «Көбү аты-жөнүн ачыкка чыгарбагыла деп суранган» 

«Эки жарым жылдан бери ким акча төгүп жаткан болсо, бир тыйыны коробой түз республикалык казынага түшүп жатат. Жалпысынан Башкы прокуратура, УКМК, ИИМдикин бириктиргенде 10 миллиард сомдон ашык болсо керек эле». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине билдирди.

«Кызыккандар болсо, комиссия түзүп барып текшерип көрүшсүн: канча акча төгүлгөн жана кайсыл күнү казынага барып түшкөн, баары ачык. Жашыра турган эч нерсе жок. Кимден канча акча түшкөндүгү жөнүндө ачык жарыялап койсок деле болмок. Бирок алардын көпчүлүгүнүн «ачыкка чыгарбасаңар» деген суранычы бар. Ошол үчүн аты-жөнүн чыгара албайбыз. Эгер саясатчыбы, журналисттерден же депутаттардан болобу, кызыкса, кайрылсын. Бардык тизмени жана суммаларды көрсөтүп беребиз. Биздин жашыра турган эч нерсебиз жок. Ачык иштейбиз. Өткөндө айрым кыйкырчаак депутаттар алтын уурдадыңар дегенде, өздөрүнөн турган комиссия түздүрүп, эми өзүңөр текшергиле, баарын ачып берели десек, кайра өздөрү качып кетишти. Ошондой эле «кустуризация» маселесине дагы кимде ким кызыкдар болсо, мага расмий түрдө кат менен кайрылышсын. Укук коргоо органдарына айтып, «кусундулардын» баарын көрсөттүрүп берем. Изин кубалап барышса республикалык бюджетке түшкөнүн көрүшөт», — деди ал.

Related posts

Кеминде Калкты тейлөө борбору пайдаланууга берилди 

admin

Мидин уулу Канатбек Дин иштери боюнча мамкомиссиянын директорунун орун басары болду

admin

31 градуска чейин ысый . 11-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

Комментарий