Садыр Жапаров: «Кыргызстан үчүн Венгрия аркылуу Европага эшик ачылып жатат»

Президент Садыр Жапаров кечээ, 13-февралда расмий сапарынын алкагында Венгриянын президенти Каталин Новак менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Каталин Новак эки элдин маданий окшоштугунан улам өлкөлөр ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде болот, деп билдирди.

Садыр Жапаров кыргыз менен венгер элдери боордош экенин, Кыргызстан үчүн Венгрия аркылуу Европага эшик ачылып жатканын баса белгиледи. Ал Венгрия жана Европа өлкөлөрү менен саясий-экономикалык багытта кызматташууга даяр экенин билдирди.

Related posts

19-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Ысык-Көлдө түндө 6 баллга жеткен жер титирөө болду 

admin

Президент быйыл электромобиль чыгарчу завод ишке кирерин айтты

admin

Комментарий