Садыр Жапаров Кытайдын элчисине «Достук» орденин тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы — «Достук» орденин тапшырды.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бул орден менен Кыргызстан жана чет өлкөлөрдүн жарандары тынчтыкты, достукту жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча жасаган иштери үчүн сыйланышат. «Кыргызстан сиздин кыргыз-кытай ынак коңшулук, достук жана кызматташтык мамилелерин чыңдоого кошкон баа жеткис салымыңызды жогору баалайт», — деди Садыр Жапаров.

Өз кезегинде Ду Дэвэнь көрсөтүлгөн сый-урмат жана жогорку сыйлык үчүн ыраазычылык билдирип, бул сыйлык Садыр Жапаровдун кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүүгө болгон мамилесин жана көңүл буруусун көрсөтүп жатканын белгиледи. Элчи белгилегендей, бул сыйлык эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө колдон келишинче салым кошууга жана мындан да көп берилүү менен иштөөгө шыктандырат. Ал кытай тарап Кыргызстандын КЭР менен мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканына басым жасады.

Related posts

13-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Бишкекте бирөөнүн 25 миң доллар турган унаасын алып, сатып жиберген шектүү кармалды

admin

Чүйдө 20 миллион сомдон ашык мефедрондун 22 миңден ашык дозасын таратууга бөгөт коюлду

admin

Комментарий