Садыр Жапаров Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-февралда, Кытай Эл Республикасына (КЭР) болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Алар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнүн келечегин, ошондой эле энергетика, инфраструктура, транспорт жана жогорку технологиялар жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Санариптештирүү, кайра жаралуучу энергия жана өнөр жай секторундагы биргелешкен долбоорлор боюнча өнөктөштүктү бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду.

Мамлекеттик кеңештин премьери Ли Цян Кытай Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүктү жогору бааларын жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө даярдыгын айтты. Ал биргелешкен инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлордун маанилүүлүгүн баса белгилеп, өлкөлөр ортосундагы транспорттук байланышты өнүктүрүүнү колдоорун билдирди.

Ли Цян ошондой эле Кыргызстандын президентинин сапары Жаз майрамына туш келгенин, жаз — табият ойгонуп, жаңы жашоо цикли башталган жылдын чечүүчү мезгили экенин баса белгиледи. Ал муну кыргыз-кытай мамилелеринин жаңылануусунун жана жаңы келечегинин символу деп атап, эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын мындан ары бекемделишине ишенимин билдирди.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров Кытайдын акыркы он жылдыктардагы таасирдүү жетишкендиктерин атап, алар аркылуу өлкө тез өсүүнүн, технологиялык прогресстин жана жалпы гүлдөп-өнүгүүнүн символу болгонун айтты. Ал КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин жетекчилиги алдында жүргүзүлүп жаткан реформа жана ачыктык саясаты, ошондой эле «Бир алкак, бир жол» демилгеси эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасы «Бир алкак, бир жол» демилгеси менен шайкеш айкалышып, сооданын өсүшү, инфраструктураны өнүктүрүү жана инвестиция тартуу үчүн кеңири перспективаларды түзүп жатканын белгиледи.

«Акыркы бир нече жыл ичинде биз эки тараптуу кызматташуубузду активдештирдик. Жогорку жана бийик деңгээлдердеги эки тараптуу сапарлар, эбегейсиз чоң долбоор — «Кытай — Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушунун башталышы, үчүнчү «Бедел» өткөрмө пунктунун ачылышы, өз ара сооданын көлөмүнүн болуп көрбөгөндөй өсүшү буга далил болуп саналат. Экономикалык кызматташтык үчүн жакшы келечеги бар бир катар биргелешкен долбоорлор ийгиликтүү ишке киргизилди», — деп президент канааттануу менен белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн аягында тараптар эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да бекемдөөгө ишенимин билдиришти.

Related posts

Чүй облусунун айрым жерлеринде туман түшөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт — 6-ноябрга карата аба ырайы.

admin

17-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

4-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий