Садыр Жапаров маморгандарды ата мекендик товарларды сатып алууга чакырды 

Садыр Жапаров Кыргызстандын экономикасынын айрым тармактарындагы товарларды улуттук режимден алып салууну белгилөө жөнүндө тескемеге кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү 50 жана андан ашык пайызды түзгөн мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, акционердик коомдорго сатып алууларды жүргүзүүдө ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн товарларына артыкчылык берүү сунушталган.

Мындан тышкары, министрлер кабинетине мамлекеттик керектөө үчүн сатып алынып жаткан ата мекендик товарлардын тизмесин түзүү тапшырылды.

Related posts

30-декабрга карата өлкөдөгү аба ырайы 

admin

 Парламент социалдык фонддун бюджетин кабыл алды

admin

Бишкекте кайгуул кызматкери пара менен кармалды 

admin

Комментарий