Эрбол Султанбаев Кыргызстан учкучсуз аппараттарды чыгаруучу завод боюнча билдирүү таратты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Украинанын президенти Владимир Зеленский учкучсуз аппараттарды чыгаруучу завод куруу боюнча келишимге кол коюуга даярданып жатат деген маалымат жалган.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Эске салсак, “Царьград” расмий каналында “Кыргызстан достукту бизнес үчүн өзгөртүп жатат. 2023-жылдын 22-августунда орустарга эч ким мындай чыккынчылык кылган эмес” деген макаласында “Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров президент Владимир Зеленский менен учкучсуз учактарды чыгаруучу завод куруу боюнча келишимге кол коюуга даярданып жатат” деген маалымат тараган.

Бул чындыкка дал келбеген маалымат, – деп айтылат билдирүүдө.

Булак:Абал

Related posts

УКМКнын А.К. Бакаев атындагы академиясы беш жылдык окуу мөөнөтү менен курсанттарды кабыл алууну жарыялайт.

admin

Бүгүн Кыргызстанда аза күтүү күнү

admin

Хорватияда башка кыргыздарга алданып СИЗОго түшүп калган кыргыз жигиттерге ким жардам берет?

admin

Комментарий