Садыр Жапаров митингге чыккандардан «пайдаланып» кетели деген үчүнчү күчтөр ким экенин айтты

Кечээ, 5-декабрда Садыр Жапаров «Дордой» базарына барып, ызы-чуунун аркасында кимдер турарын билерин айтып, үчүнчү күчтөр тууралуу кеп кылган. Ал айткандары боюнча ттүшүндүрмө берди.

«Жөнөкөй соодагерлердин ичинде кыпындай да кир жок. Ал байкуштар өз проблемаларын чечип алсак болду деп митингге чыгышты. Аларды туура эле түшүнөбүз. Ал эми алардын митингге чыкканынан пайдаланып кетели деген илгерки «чоң акырдан жем жеп» жүргөндөр, бүгүн ишсиз калгандар, криминалдар бири-бирине телефон чалышып, «сен тиги базарга бар, сен бул базарга бар, элди болушунча көбүрөөк чыгаргыла» деп сүйлөшкөндөрү бар.

Айрымдары өз адамдарын каржылап да жиберишти. Мунун баары атайын кызматтардан каттоодон өттү. Эгер атайын кызмат тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн жашыруун эмес десе, маалымат булактарынан сөздөрүн угуп калаарсыңар. Ошол үчүн мен аларга: «Үчүнчү күчтөр силерди пайдаланып кетпесин», — деп айттым. Ичинде кири жок жөнөкөй соодагерлер андай күчтөр арасына кирип алып иштеп атканын кайдан билишсин. Ошол үчүн артыбызда эч ким жок деп кыйкырып атышпайбы. Туура эле түшүнсөк болот»,- деди ал.

Related posts

Садыр Жапаров Бакуга барды

admin

Чүйдө айыл аймагынын башчысы УКМКнын кызматкерине 50 миң сом берип жаткан жеринен кармалды 

admin

«Футбол бизге жарашпайт, көк бөрү эле ойнойлу» дегендерге президенттин жообу

admin

Комментарий