Садыр Жапаров Москвага иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров Москва барып II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) отурумуна катышат. Бул туурасында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирген.

Жогорудагы иш-чаралар 2023-жылдын 24-25-майында Россиянын борборунда болот.

«Президент Садыр Жапаров 24-майда Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мүчө-мамлекеттеринин башчылары менен бирге «Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция» Евразиялык экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышат. 25-майда ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчылары евразиялык мейкиндиктеги бир катар актуалдуу маселелерди талкуулап, Биримдиктин мындан аркы өнүгүүсү боюнча пикир алмашат», — деген ал.

Азымбакиев ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө, ошондой эле Биримдиктин ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалганын билдирди.

Related posts

КР УКМК: Чет элдиктер фирмалык кийимдерди документи жок тигишкен

admin

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык бир катар маданият өкүлдөрүнө ыйгарылды 

admin

Милиция активисттер менен бирге чет өлкөлүк студенттерге азык-түлүк жеткиришти

admin

Комментарий