Садыр Жапаров мыкты бомбардир болду. Бишкекте «Мурас» мелдеши аяктады (сүрөт)

9-декабрь күнү борбор калаанын «Газпром» спорт комплексинде «Мурас» мелдешинин чейрек, жарым финалдык жана финалдык оюндары болуп өттү. Турнирдин көңүл жубатуучу финалында — 3-орун үчүн беттеште «Достук» «Спорт жылдыздары» командасын 8:2 эсеби менен жеңип чыкты.

Финалдык оюнда «Президенттин командасы» «Ден-соолук» менен кез келип, 2:1 эсеби менен утту.

«Мурас» мелдешинин жыйынтыгы:

🏆1-орун — «Президенттин командасы»

🥈2-орун — «Ден-соолук»

🥉3-орун — «Достук»

🏅4 орун — «Спорт жылдыздары»

Жеке номинациялар боюнча сыйлыктарга төмөнкү оюнчулар ээ болушту:

✔️ Мыкты оюнчу — Нурлан Турусбеков («Ден-соолук»)

✔️ Бомбардир — Садыр Жапаров («Президенттин командасы», 13 гол)

✔️ Мыкты дарбазачы — Учкун Байсубанов («Билим»)

Турнирдин байге фонду 1 миллион сомду түзүп, ал биринчи төрт орунду ээлеген командалар арасында бөлүштүрүлдү.

Related posts

Жазуучу Олжобай Шакирдин бөгөт чарасы каралат

admin

Бишкекте саммит өткөн күнү самокат тебүү чектелет

admin

Биринчи Элдик курултай 5-ноябрда өтөт

admin

Комментарий