Садыр Жапаров Нью-Йоркко иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 17-21-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына (АКШ) иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«18-сентябрда мамлекет башчысы БУУнун саммитинин ишине – Туруктуу өнүгүү максаттары саммитинин лидерлеринин диалогуна катышат. 19-сентябрда, өткөн жылдагыдай эле, Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт. Ошол эле күнү президенттин Борбор Азия Мамлекет башчыларынын жана Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байдендин биринчи саммитине катышуусу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында мамлекет башчысынын БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, БУУнун Өнүктүрүү программасынын администратору Аким Штайнер, бир катар чет мамлекеттердин жана эл аралык каржы институттарынын башчылары менен жолугушуулары болот.

21-сентябрда президент Садыр Жапаров АКШнын бир катар ири компанияларынын өкүлдөрү менен кыргыз-америка бизнес форумунда сөз сүйлөйт, анда Кыргызстандын экономикалык потенциалы жана өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентация уюштурулат», — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Related posts

Бишкекте эркек киши аялына 20 ирет бычак сайып, өлтүргөн

admin

Ысык-Көлдө 35 жаштагы жаранды сабоого шектелип Камчы Көлбаевдин жакын адамдарынын бири кармалды 

admin

Лейлектеги чайканада 33 жаштагы киши эч себепсиз сабалган. Шектүү кармалды

admin

Комментарий