Садыр Жапаров Санкт-Петербургга иш сапары менен барат 

Президент Садыр Жапаров, 26-декабрда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барат, анын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинине (КМШ) мүчө мамлекеттердин мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Ал иш-чарага Беларусь президенти Александр Лукашенконун, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусу күтүлүүдө.

Related posts

Даниель Ажиевдин камактагы мөөнөтү узартылды

admin

21-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Бишкек менен Чүйдө катталган шамалдын кесепети (видео)

admin

Комментарий