Садыр Жапаров: селден жабыркагандарга жардам көрсөтүлөт

Селден жабыркагандарга мамлекет тараптан жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигиндеги маегинде билдирди.

Анын айтымында, өкмөткө комиссия түзүп сунуш киргизүү тапшырылган.

«Селден жабыркагандарга келе турган болсок, албетте, мамлекет тараптан жардам көрсөтүлөт. «Барып комиссия түзүп, жеринен көрүп текшерип чыккыла, жабыркагандарга мамлекет тараптан кандай жардам беришибиз керек экен, сунуш киргизгиле» деп Акылбек Үсөнбековичти жибергем», — деди мамлекет башчы.

Ошондой эле өлкө башчы эл турак жайын камсыздандырганды үйрөнүшү керектигин айтып, мүлктү мамлекеттик камсыздандыруу компаниясына каттатууга чакырды.

«Көп деле акча болбойт. Кокус кырсык болсо камсыздандыруу компаниясы мүлкүңөрдүн ордун толук толтуруп берет. Ал — мамлекеттик компания. Мамлекеттин көзөмөлүндө болот», — деди Жапаров.

Эске салсак, 14-июлда Ош шаары жана Ош облусун сел каптап 1000ден ашык турак жай, социалдык инфраструктура, базар жабыркаган. Анын кесепетин жоюу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Тилекке каршы, апаат беш адамдын өмүрүн алган.

Андан мурдараак, 28-июнда, Ноокаттын Абшыр-Атасында сел жүрүп, 10 кишинин өмүрү кыйылган. Көз жумгандардын көбү балдар экени маалым болгон. Кийин да сел бир үй-бүлөдөн төрт кишини агызып кеткен.

Related posts

30-31-июлда тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

admin

Нурланбек Шакиев: «Депутаттар да уюшкан кылмыштуулукка каршы жазаларды күчөтүү боюнча тийиштүү ишти алып барат»

admin

Өлкөнү коргоодо танктын ичинде тирүүлөй өрттөнүп кеткен үч аскердин сөөгү “Ата-Бейитке” коюлду

admin

Комментарий