Садыр Жапаров Владимир Путинду туулган күнү менен телефон аркылуу сүйлөшүп куттуктады

Президент Садыр Жапаров, 7-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Ал Владимир Путинди туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага чың ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу мамлекеттик ишинде мындан аркы зор ийгиликтерди каалады. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Владимир Путиндин тарыхый достуктун, өз ара колдоонун жана ишенимдин бекем салттарына негизделген кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштыгын чыңдоого кошкон жеке салымын жогору баалаарын баса белгиледи.

Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, ошондой эле Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган расмий сапарын жана анын Бишкек шаарында өтө турган КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуусун талкуулашты.

Related posts

Таластын айылдарында да сел жүрдү (видео)

admin

Чүйдө төрөлгөн 4 эмге Айтегин, Самира, Амина жана Алия деген ысым берилди 

admin

Жогорку Кеңеш желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун толугу менен колдоду

admin

Комментарий