Садыр Жапаров ЖЭБдеги өрттөн күйүк алгандарга барды

Мамлекет башчысы Клиникалык медициналык тез жардам ооруканасына барып, Бишкек ЖЭБдеги штаттык эмес кырдаалдын кесепетинен жабыр тарткандардын ал-акыбалын сурады.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Садыр Жапаровго бейтаптардын абалы тууралуу маалымат берип, бардык зарыл болгон медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлүп жатканын белгиледи.

Жабыркагандар күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат. Президент бардык жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалап, медициналык кызматкерлерге ыкчам чараларды көргөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Related posts

Бишкекте автобус айдоочу бакты сүзүп, 5 адам жабыркады

admin

Баатыр эне» наамын берүү жобосу өзгөрөт

admin

Ошто жеке ишкер менчик жер тилкесин мэриянын балансына өткөрүп берди

admin

Комментарий