Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынына катышат

Президент Садыр Жапаров 17-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин сессиясына катыша турганын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Эртең парламентте министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрү ант берет. Мындан тышкары, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы тууралуу маселе карала турганы айтылды.

Жыйын саат 10:00дө башталат. Түз эфир УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардан, ошондой эле социалдык тармактагы баракчалардан көрсөтүлөт.

Related posts

2-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы 

admin

Орусияда издөөдө жүргөн жаран Кадамжайда кармалды

admin

Акылбек Жапаров Ноокаттагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюунун жүрүшү менен таанышты

admin

Комментарий