Бүгүн, 18-сентябрда Садыр Жапаров Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарына иш сапары менен барды.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:
— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы элчиси Бактыбек Аманбаев;
— президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов;
— жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;
— саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;
— экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
— юстиция министри Аяз Баетов;
-Кыргыз Республикасынын Бириккен улуттар уюмунун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева.