Садыр Жапаровду Бириккен Араб Эмираттарына коштоп кеткен делегациянын курамы

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен жөнөп кетти, деп билдирди басма сөз кызматы.

Сапардын алкагында президент Бириккен Араб Эмираттарынын президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен Дубай шаарында өтө турган Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышат.

Андан тышкары Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын жетекчилиги жана БАЭнин компанияларынын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулайт.

Бириккен Араб Эмираттарына президент менен бирге кеткен делегациянын курамы:

— Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов;

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

-Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси Абдилатиф Жумабаев;

— Президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов;

— жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;

— экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

— санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева.

Related posts

УКМК: Курулуш компаниясынын мүлкүн басып алган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

admin

Жаан — чачын күтүлбөйт. 8-августка карата аба- ырайы

admin

24-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий