«Сакал» каймана аты бар Улан Токтосунов кримдүйнөнү башкаруу ниети жок экенин билдирди

Эки күндөн бери өлкөдө кримдүйнө менен болгон күрөшүү кызуу талкууга алынууда. Маалым болгондой, Камчы Көлбаев кече УКМК кызматкерлери менен кармашууда каза тапты. Ал эми коомчулукта Көлбаевдин ордуна Улан Токтосунов (каймана аты Сакал) келет экен деген кептер айтылууда. Бүгүн Улан Токтосунов видео кайрылуу жолдоп, кечеки болуп өткөн окуялардан сабак алганын жана анын кримдүйнөнү башкаруу ниети жок экенин билдирди.
“Мен Улан Токтосунов Молдоевич расмий түрдө билдирем, Аллах үчүн! мен мыйзамдагы ууру макамынан баш тартам”, -деген ал.

Related posts

Кыргызстанда бөйрөк алмаштырган алгачкы бейтап ооруканадан чыкты

admin

6-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Ош шаарында 18 жерде көмүр сатылып жатат (дареги)

admin

Комментарий