Саламаттык сактоо министри болуп Гүлнара Баатырова дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министри болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жогорку Кеңеш 7-сентябрдагы сессияда саламаттык сактоо министри кызматына Гүлнара Баатырованын талапкерлигин бир добуштан колдогон.

59 жаштагы Баатырова 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктаган. Өмүр баянында 1986-1988-жылдары Бишкектеги №2 шаардык клиникалык ооруканасында иштегени, 1988-2001-жылдары Кара-Суу районундагы борбордук бейтапканада терапевт, бөлүм башчы, жетекчи болгону көрсөтүлгөн. 2001-2013-жылдары Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна директор болгон.

2004-2011-жылдары Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты, төрайымы болуп турган. Соңку жылдары Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү (2011-2021) да болгон. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Медициналык аккредитациялык комиссияны жетектеген.

Июнь айында убактылуу ишинен четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 19-августта кызматынан алынып, министрдин милдетин Жаркынбек Касымбеков аткарып жаткан.

Баатырованы президент Садыр Жапаров министрдин милдетин аткаруучу кызматына 23-августта дайындаган.

Related posts

ЖК оң рулдуу машинени такси катары айдоого тыюу салуу долбоорун 1-окууда колдоду

admin

 Бишкекте чет элдик лидерлердин катышуусунда эл аралык иш-чаралар өтөт 

admin

Ысык-Көлдө Чехиянын 23 жараны кар көчкү алдында калып, төртөө каза болду. Окуянын чоо-жайы

admin

Комментарий