Санитардык талаптарга жооп бербей, мыйзамсыз иштеген стоматологиялык клиникалар жабылды

Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан стоматологиялык клиникалардын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун, Жалал-Абад шаарынын аймагында стоматологиялык клиникалардын ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлдү. Жүргүзүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында, 122 менчик стоматологиялык клиниканын 78и тиешелүү лицензиясы жок иштеп жүргөндүгү аныкталды. Мындан улам, санитардык коопсуздуктун көп сандаган бузуулары (санитария, гигиена, медициналык калдыктарды жок кылуу шарттары жана башка) катталган. Мындан тышкары, Юридикалык жактын юстиция жана салык органдарында катталбагандыгынын жана көрсөтүлгөн кызматтан түшкөн кирешенин реалдуу көрсөткүчтөрүн жашыруунун фактылары аныкталган. Текшерүү учурунда, адамдардын көпчүлүгүнө протездөө, имплантация, тиштерди хирургиялык жулуп алуу жана башка ушул сыяктуу жогорку адистештирилген стоматологиялык кызматтарды көрсөтүү үчүн тиешелүү сертификаттары, атайын жогорку билими жок стоматологиялык кызматтарды көрсөтүшкөн.

Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун 2021-2022-жылдарга карата маалыматына ылайык, облуста калк арасында В жана С формасындагы вирустук гепатиттин жайылуу тенденциясы байкалган. Алсак 2021-жылы облуста инфекциянын 1308 учуру аныкталса, 2022-жылы бул көрсөткүч 1979 учурга көбөйгөн. Ошол эле учурда стоматологиялык кызмат кан аркылуу жугуучу вирустук оорулардын таралышынын мүмкүн болуучу факторлорунун бири катары каралат.

Учурда бул клиникалардын ишмердүүлүгү токтотулуп, салык кызматы жана башка ведомстволор ушул категориядагы медициналык мекемелердин ишин жөнгө салуучу колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын изилделүүсүнө жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин кызматкерлеринин ичинен атайын комиссия түзүлдү.

Related posts

Иманкулов: Жапаров Путинге кыргыз-тажик чек арасы боюнча ортомчу болушу үчүн кайрылган

admin

Жеңил атлетика боюнча спортчулар Олимпиадага лицензия алышты

admin

Бишкектик окуучу Айдар Каныбеков Тайландда Муай -Тай боюнча чемпионатта байгеге ээ болду

admin

Комментарий