Сегиз айда майнингден 55 млн сом салык түштү

2023-жылдын январь-август айларында Кыргызстандын бюджетине майнингден 55 млн 838 миң сом салык түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин бюджеттин сегиз айда аткарылышы тууралуу отчётунда маалымдалат.

Бул багыттагы салыктын баары республикалык бюджетке гана түшкөн, жергиликтүү бюджеттерге берилген эмес.

Жылдын алгачкы сегиз айында республикалык бюджеттин кирешеси жалпы 231 млрд 192 млн 578 миң сомду түзгөн. Мунун 165 млрд 328 млн сомдон ашыгыраагы салыктык киреше катары көрсөтүлгөн.

Июлдун аягында “Азаттык” “Энергокризис: Кеминдеги майнинг ферма кимдики?” деген иликтөө жарыялаган. Анда фермага ээлик кылган “Соларкоин” Кыргызстандын энергетика системасынын 30 МВт электр кубатын ала турганы, бул айрым райондордун бүтүндөй же теңинин керектөөсүнө тете экендигин тактаган. Бул жагдай Кыргызстандын энергетика системасында өзгөчө кырдаал жарыяланган маалда ишке ашып жатканы коомчулукта кызуу талаш-тартыштарга жем таштаган.

Иликтөөгө президент Садыр Жапаров жооп берип,“жаз-жай мезгилинде өлкөдө электр энергиясы жетиштүү экенин, ал тургай ашып жатканын» билдирген. Ал ошол себептүү мамлекет майнинг фермага электр жарыгын эң кымбат баа менен 1 кВт/с 5 сом 4 тыйындан сатып жатканын айткан.

Мунун артынан энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстандын криптовалюта чыгара турган эки гана майнинг компания – Кеминдеги “Соларкоин” жана «Камбар-Ата-2» ГЭСиндеги «МБТ Строй» компаниялары менен келишим түзүлгөнүн тактаган. Ошол эле маалда ал кеп болгон иликтөө чыккандан кийин «Соларкоин» компаниясы электрди Казакстандан алууну чечкенин билдирген. Ибраевдин айтымында, майнинг компания токту коңшу өлкөдөн 1-августтан тартып ала баштамак. “Кыргызстандын энергетика тармагы мурдагы 5 сом 4 тыйындын ордуна транзит үчүн 23 тыйындан гана каражат алат” деген өз интервьюсунда энергетика министри.

Августта Казакстандын энергетика министри Алмасадам Саткалиев «Азаттыктын» казак кызматына Кыргызстандагы майнинг компанияга электр энергиясы сатылганы же сатылбаганы тууралуу комментарий берип, муну ырастаган да, төгүндөгөн да эмес.

Интернетте гана жүгүртүлгөн санариптик акча – криптовалюны өндүрүү, кадимки кендерди казып алуу сыяктуу эле майнинг деп аталат. Аны жүргүзгөн ишкерлер “майнерлер”, ишканалар “майнинг-ферма” деген атка конгон. Майнинг кылуу үчүн мындай фермаларга үзгүлтүксүз түрдө жана көп көлөмдө электр энергиясы керектелет.

Related posts

Кыргызстандын аймагында күн ачык болот

admin

Жол кырсыгына кабылган окуучулар кайсы мектепте окугандыгы айтылды 

admin

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду 

admin

Комментарий