Сейсмология институту жер титирөө боюнча так маалымат берди

Сейсмология институту жер титирөө боюнча так маалымат берди. Ага ылайык, 19-март күнү саат 21:05те Кыргыз Республикасынын аймагында очогундагы күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. 

Жер титирөө Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кашка-Суу, Таш-Дөбө айылдарында 3 баллга, Бишкек шаарында, Сокулук районунун Күн-Туу айылында, Аламүдүн районунун Арчалы, Арашан, Кой-Таш, Байтик, Таш-Булак, Алмалуу айылдарында 2,5 баллга (Кашка-Суу айылынан 8 чакырым түштүк батышта, Бишкектен 33 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.

Related posts

Садыр Жапаров “Казань Экспо” эл аралык көргөзмө борборуна келди

admin

КР УКМК: Жасалма акча таратуу менен алектенген жасалма акча жасоочулар кармалды

admin

3 шайлоо округу боюнча шайлоого 16 ЖМК жана 3 интернет-басылма аккредитациядан өттү

admin

Комментарий