Бүгүн, 24-июнь саат 8:20га карата Бишкек-Ош жолунун 374-чакырымында каттам бар. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.
Кечээ, 23-июнда Бишкек-Ош унаа жолунун 373-375 чакырымында (Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаары) нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жолго бир нече жерден сел жүрүп, топурак түшүп, каттам токтотулган.