Кечээ, 20-июнь саат 21:00 чамаасында Кемин — Шабдан — Көк-Ойрок унаа жолунун 1,0 чакырым — 2,0 чакырым аралыгы толук тазаланып, каттам 2 тараптуу ачылды.
Саат 18:00 чамаасында жолдун бир бөлүгү ачылып, каттам эки тараптуу жүргүзүлгөн. Аталган жолдо сел жүрүп, каттам убактылуу тазалоо иштери үчүн жабылган болчу.