Шакиев Өзбекстандагы кыргыз диаспорасына боз үй жөнөтүүнү убадалады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Өзбекстанстандагы расмий иш сапарынын алкагында кыргыз диаспорасына таандык маданий борбордун өкүлдөрү менен жолугушту.

“Чет жерде жашаган ар бир улутташыбыздын тагдыры кыргызстандыктардын жүрөгүндө, кыргыз бийлигинин көңүл чордонунда. Биз силерди унутпайбыз. Айрыкча, көп улуттуу боордош Өзбекстан мамлекети кыргыз жарандарына өзгөчө көңүл буруп, ар тараптуу колдоп келе жаткандыгы тууралуу кабарыбыз бар”, – деди Нурланбек Шакиев.

Ошондой эле маданий борбордун өтүнүчүнө ылайык, жакынкы аралыкта жасалгалуу кыргыз боз үйүн белек катары жөнөтөрүн убада кылды. “Мындан тышкары, улуттук маданиятыбызды унутта калтырбай, этникалык кыргыздар арасында жайылтуу максатында 150дөн ашуун комузду да берип жиберебиз”, – деген төрага алар Өзбекстандагы кыргыз мектептерине таратыларын билдирди. Алсак, аталган өлкөдө кыргыз тилинде билим берген 51 мектеп бар.

Баарлашууда маданий борбордун өкүлдөрү Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган өзбекстандык этникалык кыргыздар үчүн жыл сайын 100 орун бөлүнөрүн белгилеп, анын санын көбөйтүүнү өтүнүштү. Андан тышкары, жогорку окуу жайды бүткөндүгүн далилдеген дипломдордун эки өлкөдө тең бирдей таанылышын камсыздоо маселеси айтылды. Муну менен катар кыргыз тилинде сабак берген мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу максатында Кыргызстанда кайрадан окутуу мүмкүнчүлүгүн түзүү маселеси да көтөрүлдү. Ал эми Жызак облусуна караштуу Манас айылынын тургундары Айкөл Манастын эстелигин аталган айылга орнотууга көмөктөшүүнү суранышты.

Related posts

УКМК Ошто билим берүү мекемелеринде корррупциянын алдын алуу боюнча жыйын өткөрдү 

admin

Садыр Жапаров “Кемпир-Абад” маселесин талкуулоо үчүн Өзгөн районунун тургундары менен жолугушууда 

admin

Казакстандык блогер Кыргызстанда кармалганын жазды

admin

Комментарий