Шакиев: «Тойканалар эле салына бербей, билим берүү жайларынын курулганы жакшы көрүнүш»

Жгорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Нарын шаарындагы иш сапарынын алкагында Салымбеков университетинин Билим берүү жана инновация борборунун ачылышына катышты.

Заманбап технологияларды, усулдарды киргизүү аркылуу билим берүү системасын өнүктүрүүнү көздөгөн Салымбеков университети 2019-жылы негизделген. Андыктан, окутуунун жаңы ыкмаларын колдонуу менен азыркы турмушка керектүү кесиптер боюнча нарындык жаштар үчүн билим берүүнү көздөгөн борбор бардык заманбап шарттар менен камсыздалган.

Агартуу тармагына көрсөтүлүп жаткан колдоолор келечек үчүн чоң инвестиция экенин төрага белгилеп, мындай окуу борборлорунун ачылышы өлкө үчүн өтө маанилүү экенин айтты. “Бул демилге башкаларга үлгү. Тойканалар эле салына бербей, билим берүү жайларынын курулганы жакшы көрүнүш. Айрыкча, борбордон алыс жайгашкан аймактарда ушундай мекемелердин ишке берилиши колдоого аларлык”, – деди Нурланбек Шакиев.

Related posts

Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева кызматынан бошотулуп, ордуна Азамат Жамангулов келди

admin

Улуттук онкология жана гематология борборуна жаңы директор дайындалды

admin

Режиссер Геннадий Базаров 81 жаш курагында дүйнө салды 

admin

Комментарий