Шакиев: “Жер көчкү коркунучу бар аймактарда алдын алуу иштерин тездетүү зарыл”

28-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Аксы районундагы иш сапары Кара-Камыш айыл аймагына караштуу Жүзүмжан айылында уланды.

Алгач төрага айылдагы жер көчкү коркунучу бар тилке менен таанышты. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев көчкүнүн алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеңири маалымат берди. Министрдин айтымында, Азия өнүктүрүү банкы менен 39 миллион долларга барабар биргелешкен долбоор макулдашылып, жалпы жалпы республика боюнча 27 тилкедеги жер көчкү коркунучун азайтуу иши пландалган. Ага Жүзүмжан айылы да киргизилген. Төрага аталган долбоорду тез арада ишке ашырып, жер көчкү коркунучун жоюу талабын койду.

“Адам өмүрү баарынан кымбат. Андыктан, калкка коркунуч жараткан кырсыктардын алдын-алуу ишине катуу көзөмөл кылып, тиешелүү долбоорду тез арада бүткөрүү керек”, – деди Нурланбек Шакиев. Ошондой эле жергиликтүү эл менен да жолугушуп, баарлашкан Жогорку Кеңештин төрагасы өлкөдө жасалып жаткан иштерге кеңири токтолуп: “Акыркы жылдары мамлекетибизде маанилүү реформалар жүргүзүлүп, калк турмушун жакшыртууга багытталган социалдык-экономикалык долбоорлор ишке ашырылууда. Анын ичинен өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анан кесеттерин жоюу ишине да катуу көңүл бурулуп, өлкө казынасынан бөлүнгөн каражатка заманбап техникалар алынды. Аксы районунда 25-майда катталган селде ошол техникалардын жардамы тийип, керектүү иштерди ыкчамдатып жүргүзүүгө көмөкчү болууда”, – деди.

Муну менен катар райондо болгон табигый кырсыктын кесепеттери атайын түзүлгөн комиссия тарабынан такталып жатканын белгилеген Нурланбек Шакиев анын жыйынтыгында чыгымдар эсептелип, мамлекет тарабынан тийиштүү жардамдар көрсөтүлөрүн кошумчалады.

Related posts

Кыргыз-казак чек арасында система иштебей калганына байланыштуу жүк ташуучу унаалар топтолуп калды

admin

Design Community Built Omaha Fashion Week From The Runway Up

admin

Равшан Жээнбековдун 16 миллион сомдук эс алуу зонасы мамлекетке кайтарылды

admin

Комментарий