Шашылыш билдирүү: 16-18-май күндөрү нөшөрлөгөн жамгыр жаап, сел жүрүшү күтүлөт

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 16-18-май күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба-ырайына, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоо сунушталат.

Related posts

Жалал-Абадда ЖКнын Төрагасынын алдында түзүлгөн гендердик теңчилик боюнча кеңешинин жыйыны өттү 

admin

Милиция кызматкерлерин сүрөт, видеого тартканга тыюу салган мыйзам ЖКда өтпөй калды

admin

Жогорку Кеңештин төрагасы фамилиясын өзгөрткөнүн жар салды

admin

Комментарий