Штефан Таркович: «Команда менен келишим 2024-жылдын июнь айына чейин түзүлгөн»

Кечээ, 25-январда Кыргызстандын “Ак шумкарлары” менен Омандын курамасынын беттеши өттү. Эки команда тең чыгып, Азия Кубогунан четтеп калды. Кыргызстан эсеп сандарды 1:1 кылып теңөө менен Индонезиянын командасын кийинки баскычка өткөрдү.

Беттештен кийин Кыргызстандын курамасынын машыктыруучусу Штефан Таркович комментарий берди.

— Алдыда 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатына жана 2027-жылкы Азия Кубогуна тандоо оюндары бар, бул турнирлерде команда менен каласызбы?

Команда менен келишим 2024-жылдын июнь айына чейин ылайыкталган. Мен курама менен калып, аларды тандоо оюндарына даярдайм деп ишенем. Бул турнирде тайпадан чыгуу максатына жеткен жокпуз. Кантип ойногонубузду, дагы кандай мүмкүнчүлүктөрүбүз бар экенин салыштыруу керек.

— Биринчи таймда оюн жакшы жүрбөй жатты, бирок экинчи бөлүктө оңоло баштады, кандай тактикалык өзгөрүүлөр орун алды?

Биз бурчтан чыгарылган топтон гол өткөрүп жибердик, ага жооп кайтаруу зарыл эле. Экинчи бөлүктө көп нерсени, оюнга болгон стратегияны өзгөрттүк. Биз көбүрөөк чабуулда ойноого аракет кылдык. Ооба, бул кооптуураак болду жана коргонууда көйгөйлөрдү жаратты, бирок бизде башка арга жок болчу. Жолубуз болбоду, биринчи голубуз, тилекке каршы, VAR-дын жардамы менен жокко чыгарылды, Фархаттын соккусу да штангага тийип калды. Биз оюнубузду дагы жакшыртабыз.

Related posts

Баткендин кандек өрүгүнө арналып 5 метрлик статуэткасы орнотулат

admin

Ак-Ордодогу үйдүн түрттүрүлүшү. Жер мунапысы боюнча токтомдун 27-пункту алып салынды 

admin

Алматыда таңга жуук хостелде өрт чыгып, 13 адам каза болду

admin

Комментарий