Соцтармакта Ош аэропортунун таксилерине нааразы болгон чет өлкөлүк жигиттин кайрылуусу талкууланууда 

Соцтармакта чет өлкөлүк жигит Ош аэропортунан чек арага чейин кызмат корсоткон таксилерге нааразычылыгын билдирип, Кыргызстандын күч органдарына да бир тооп наалат айткан видеосу тарады.

Видео тасмадагы кайрылууда, аэропортко конуп Кыргызстан аркылуу кетүүнү каалаган жарандардан «такси кызматкерлери кымбат акча алып, орой мамиле кылып жатат»  деп айтылат.

«Бала-чака багам деп четтен келген  жарандарынын ар биринен 500 сомдон ашык акча алып, анысы аз келгенсип бир унаага 5-6 адамды тыгып алып жатышат. Бир нерсе десе коркутушат экен. Жол кайгуул кызматы да муну коруп турса да эч нерсе дебей жатат. Булар баары бир системе түзүп алышкан», -деп айтылат өзбек жигиттин кайрылуусунда.

Ал эми, Ош ОИИБдин маалымат кызматы да бул видео тууралуу билдирүү таратты.

«Бул видеотасма чыккан учурдан баштап текшерүү иштери жүрүп жатат. Ош аэропортунда жана»Достук» чегара постуңдагы таксист айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Буга чейин мындай соцтармактар аркылуу кайрылуулардын 14 учуру катталып 7 учуру боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Ошондой эле мындай терс көрүнүштөргө бөгөт коюу максатында аталган жайларда ыкчам иш чаралар жүргүзүлүүдө», -деп айтылат билдирүүдө.

Булак: Барометр

Related posts

Чилиде чоң өрт каптап, 50дөй киши каза болду. 200дөн ашуун кишинин дайыны жок

admin

КР УКМК: Интимдик кызмат көрсөткөн интернет топтордун уюштуруучулары кармалды

admin

Дем алыш күндөрү өлкөнүн төрт облусунда күн сууктап, үшүк жүрөт

admin

Комментарий