Сокулукта 9 эркек тарабынан кордолуп келген 13 жаштагы кыздын иши сотко өттү. Милиция депутатка жооп берди

Депутат Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин жыйынында Сокулукта 9 эркек тарабынан зордукталып келген 13 жаштагы кыз боюнча маселе көтөргөн. «Зордуктаган адамдардын бети жоктугу, милиция иштебегени аз келгенсип, жаш кыздарды отургузуп коюп, «ал кыз өзү тигил жакка барган, бул жакка барган» деген сөз биздин калкыбызда, салтыбызда болбошу керек. Прокуратура каякты карап отурат? 18ге чыкпаган кызга 18ден улуу адам жолобош керек», деген ал.

Анын айткандары боюнча Чүй ОИИБден маалымат беришип, иш сотко өткөнүн билдиришти.

«Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиеванын «кызды бузукулукка айыптап жатышат» дегени чындыкка дал келбейт. Сокулук РИИБи тарабынан кылмыш иши козголуп, ал жабырлануучу деп табылып, бул кылмышты жасоого шектүү катары 2005 жана 2004-жылы туулган жарандар кармалып, камакка алынган. Аларга зордуктоо жана 16 жашка жете элек кыз менен жыныстык катнашка баруу беренелери менен иш козголгон. Калган адамдарга карата кылмыш ишинин материалдары өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, учурда Чүй ОИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүлөрү тарабынан зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Милиция кызматкерлеринин аракетсиздиги тууралуу айтылган сөздөр да чындыкка коошпойт, анткени бул кылмыштын бети Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан такталып, дароо тергөө иштери башталып, тиешелүү чаралар көрүлгөн», — дешти. 

Related posts

3-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Кыргыз Эл артисти Зинаида Петренко акыркы сапарга узатылды

admin

Таштандыдан ымыркайды таап алган Пакистандык окуучу сыйланды

admin

Комментарий