Сокулукта «КОСС» дыйкан чарбасы 17,3 га жерди мамлекетке өткөрүп берди

Сокулук районундагы “КОСС» дыйкан фермердик чарбасы 17,34 гектар жерди ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүп берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан мамлекеттик объектилерди жана жерлерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштердин алкагында Сокулук районунун Кайназаров айыл өкмөтүндөгү «КОСС» дыйкан фермердик чарбасы тарабынан жер үлүштөрүн мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталган.

Сокулук районунун Кайназаров айыл өкмөтүнүн «КОСС» дыйкан чарбасы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жана инвентаризациялоонун жүрүшүндө пайдаланылган жер үлүштөрүнүн бир бөлүгү (жалпы аянты 17,4 Га) өлкө аймагынан чыгып кеткен, же каза болгон адамдарга таандык экендиги аныкталган.

УКМК мыйзамсыз колдонулган жана менчиктештирилген объекттерди аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Related posts

На муниципальных участках незаконно поставили коммерческие объекты. Задержан замначальника УКЗ мэрии Бишкека, — ГКНБ

admin

Суд продлил запрет на митинги в центре Бишкека до 31 марта

admin

11-летнего школьника из Иссык-Куля искали милиционеры, а он уехал с друзьями в Бишкек

admin

Комментарий