Сокулукта жаракат алган өспүрүмдү видеого тартып, бутун өптүргөн шектүү кармалды

Социалдык тармакта өзүн «принц» деп атоону талап кылып, жаракат алган өспүрүмгө бутун өптүрүп жаткан жарандын видеосу тараган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден видеодогу жаран кармалганын билдиришти.

«Чүйдөгү Сокулук районунда өспүрүмдөрдү коркутуп жүргөн жана бейбаштыкка шектелген жаран кармалды. 25-июлда Сокулук РИИБге аял киши кайрылып, 24-июлда саат 20:00 чамасында анын жашы жете элек 2008-жылы туулган баласына бычак сайылганын, кесепетинен ооруканага жаткырылганын айтып, арыз менен кайрылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 2005-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Факты боюнча экспертиза дайындалып, тергөө уланууда», — деп айтылат маалыматта.  

Related posts

Жаан- чачын болбойт. 17-январга карата өлкөдөгү аба ырайы

admin

Сузактагы кырсык: комиссиянын иши аягына чыгып, 6 адам ээлеген кызматынан бошотууга көрсөтүлдү

admin

Татарстанда фермадагы өрт алты мигранттын өмүрүн алды

admin

Комментарий