Сокулуктагы мунай зат сакталуучу жайдан өрт чыкты

Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракети менен мунай зат сакталуучу жайда өрт  саат 19:22де толугу өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Заманбап техникалардын жардамында күйүүчү майга толтурулган 40 тонналык 5 цистерна сакталып калды. Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 8 бөлүм, Чүй облусунун башчысы жетектеген жана ККББнын ыкчам тобу тартылды. Мындан сырткары, «Кыргызтемир» жол ишканасынан 1 өрт өчүрүүчү поезд, 103 кызматынан 3 Тез жардам унаасы иштеди.

Өрттүн кесепетинен 4 адам жабыркап, Бишкек шаардык ооруканасына жеткирилди. Учурда алардын өздүгү такталууда. Ошондой эле күйүүчү май сакталуучу 5 цистерна, 6 унаа күйгөн.

Related posts

Кыргызстан 2040- жылга чейин кайра иштетүү өнөр жайын 50 пайызга жеткирет

admin

Камчыбек Ташиев Кыргызстандын футбол дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту

admin

УКМК: Талас шаарында “Шүкүн” каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

admin

Комментарий