Сокулуктагы жол кырсык боюнча оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды 

Сокулуктагы Ак-Ордо-3 конушунда болгон жол кырсык боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 

Маалыматка караганда, оор жүк ташуучу унаанын 1991-жылы туулган айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө уланууда.

19-июль күнү саат 07:50 чамаларында Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо-3 конушунун Элмирбек Иманалиев атындагы көчөсүндө үрөй учурган жол кырсыгы орун алды. Эл ташуучу №169 кичи автобусу түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып, жолдон токтоп жүргүнчүлөрдү салып жаткан учурда ошол эле тарапты көздөй бара жаткан чоң жүк ташуучу унаасынын айдоочусу кичи автобусту артынан сүзгөн. Кеспетинен 23 адам жаракат алып, 1 аял каза болду. 

Related posts

Бишкекте эркек киши аялына 20 ирет бычак сайып, өлтүргөн

admin

ӨКМ кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты 

admin

Финансы министрлиги: Социалдык контракттын көлөмү өзгөрбөйт

admin

Комментарий