Сосновка постунда да оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Аба ырайынын кескин начарлашынан улам, Сосновка постунда кечээ, 14-октябрда саат 21:30дан тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.

Азырка тапта Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап, №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, кум себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат. Жайкы дөңгөлөк жана чынжыры жок чыккан унаалар жолчулардын ишине тоскоол болуп, жасалма тыгын жана авариялык абал жаратууда. Мындан улам, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жанына чынжырча алып жүрүүгө чакырат.

Related posts

УКМК: Бишкек шаарынын мэринин мурдагы орун басары Ы.Ж.С. эч жакка кетпөө жөнүндө колкаттын негизинде чыгарылды

mediaportalk

КР УКМК: «Ынтымак» ААКсынын 255,6 га жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды

mediaportalk

Айгүл Жапарова балдардын рак оорусу менен күрөшүү боюнча семинарга катышты

mediaportalk

Комментарий