Сосновка постунда да оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Аба ырайынын кескин начарлашынан улам, Сосновка постунда кечээ, 14-октябрда саат 21:30дан тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.

Азырка тапта Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап, №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, кум себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат. Жайкы дөңгөлөк жана чынжыры жок чыккан унаалар жолчулардын ишине тоскоол болуп, жасалма тыгын жана авариялык абал жаратууда. Мындан улам, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жанына чынжырча алып жүрүүгө чакырат.

Related posts

«Катуу шамал үйүмдүн чатырын учуруп кетти» деген жарандын видеосу тарады

admin

«Заара ушатканынан ушуга баргам». Ошто эгиз кыздарын аёосуз сабаган келин камакка алынды

admin

«Реал Мадрид» 15-жолу Чемпиондор Лигасын жеңди

admin

Комментарий