Сот Дамира Ниязалиеваны добуш сатып алуу боюнча күнөөлүү деп тапты

Сот Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамира Ниязалиеваны шайлоо учурунда добуштарды сатып алуу боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул ишке катыштыгы бар дагы 5 адам да добуштарды сатып алуу боюнча күнөөлүү деп табылган. Бул тууралуу Ленин райондук сотунан билдиришти.

Ленин райондук соту аны 3 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Бирок мунапыс мыйзамына ылайык, алардын баары жаза өтөөдөн бошотулган.

Ниязалиева 2023-жылдын 28-майында өткөн Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого катышкан. Ал шайлоонун жыйынтыгы боюнча алдыга чыккан. Бирок добуштарды сатып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, БШК каттоосун жокко чыгарган.

Related posts

Жоламан Шаршенбековдун үлпөт тоюнан көз ирмемдер (видео)

admin

Жүрүп бара жаткан унаанын артына отуруп алган жарандын видеосу тарады

admin

Кадамжайда сел агызып кеткен унаанын айдоочусу куткарылды

admin

Комментарий