«Соттор бизге отчёт беришпейт». Ички иштер министри кармалган 11 журналист боюнча үн катты

Ички иштер министрлиги тарабынан 2024-жылдын башында массалык башаламандыкка чакыруу фактысы боюнча 11 адам кармалган. Алардын үчөө мартта жана төртөө апрелдин башында үй камагына чыгарылды. Алардын кармалышына саясий себептер барбы? «Кабар» агенттиги ушул жана башка суроолор боюнча ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылды.

— Саламатсызбы! Эки күн мурун камактагы 11 журналист-блогердин төртөө үй камагына чыгарылды. Марттын башында кармалгандардын үчөөсү үй камагына чыгарылган болчу. Камакта төртөө калууда. Кармалган 11 жаран боюнча бир катар эл аралык уюмдар бул журналистикага басым дешип, аларды коё берүү тууралуу билдирүүлөрдү жасашкан. Бул боюнча эмне дей аласыз?

— Саламатчылык. Булардын баары эле журналисттер эмес. Он бирөөсүнүн экөөсү гана журналист болгон. Калган тогузу блогер атыккандар. Керек болсо алтоосунун жогорку билими жок экен. Болгону орто мектепти бүткөндөр. Азыр жетөөсү үй камагына чыкты. Соттор чыгарып жатат. Соттор бизге отчёт беришпейт. Эл аралык уюмдардын суранычы менен чыгарып жатышабы же өздөрү эле чыгарып атышабы аны биз айта албайбыз.

Related posts

Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри жана Муниципалдык менчик департаментинин директору кармалды

admin

Акжол Махмудов дүйнөнүн үч жолку чемпиону Роман Власов менен күрөшөт 

admin

Камчыбек Ташиев УКМКнын «Альфа» атайын кызматына барды 

admin

Комментарий