КР УКМК Сумбула айылында (мурда - Анар) курулган бала бакчанын 2005-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жер тилкесин мамлекетке кайтарып берди.
Тиешелүү иштердин жыйынтыгы боюнча аянты 0,30 га, базар баасы 3 млн.750 миң сом болгон жер тилкеси ыктыядуу түрдө Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилди. Аталган жерде 2025-жылы бала бакчанын жаңы имаратын куруу пландалууда.