Суусамыр — Талас — Тараз жолуна 65 млн. доллар бөлүнөт.

 Ислам өнүктүрүү банкы Суусамыр — Талас — Тараз жолун оңдоого 50,2 млн. бөлмөй болду. Бул тууралуу КРдин Финансы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен финансы министри Алмаз Бакетаев Сауд Арабиядагы жумушчу сапарынын алкагында Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммад бин Сулейман Аль-Жассер менен жолуккан.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен банктын ортосунда Суусамыр — Талас — Тараз жолун реконструкциялоого 50,2 миллион доллар бөлүү боюнча макулдашууга кол коюлду.

Ушул эле сапардын алкагында Касымалиев менен Бакетаев ОПЕКтин эл аралык өнүктүрүү фондунун башкы директору Абдулхамид Альхалиф менен жолугушкан. Алар Суусамыр — Талас — Тараз жолун оңдоого 15 миллион доллар бөлүү боюнча келишимге кол коюшту.

Белгилей кетсек, бул жол Талас облусун Чүй, Жалал-Абад, Ош жана Казакстандын түштүк облустары менен байланыштырат.

Related posts

Улуттук коопсуздук органынын ардагери, запастагы полковник Касымов Куванчбек дүйнөдөн кайтты

admin

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары –УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиевдин көрсөтмөсүн аткаруу максатында үстүбүздөгү жылдын 11-июнунан тартып Улуттук коопсуздук органдары тарабынан «Нелегал-2025» атайын операциясы башталган.

admin

Бишкек шаарынын аянты кеңейтилсе, жаңы райондор түзүлбөйт

admin

Комментарий