Сузак райондук милициясына 12 автоунаа тапшырылды

Бүгүн, 2-январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак райондук милициясына 12 жаңы автонунаа тапшырды. Бул кызматтык унаалар президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык тартип сакчыларына алынганын Камчыбек Ташиев өз сөзүндө баса белгиледи.

«2024-жыл ичинде Сузак райондук милиция бөлүмунө жаңы имарат курулат. Тартип сакчыларынын айлык маяналары жогорулатылат жана башка кызматтык керектөөлөрүн камсыз кылуу аракеттери күчөтүлөт. Ошол эле учурда, Ички иштер органдарындагы мыйзамсыз аракеттерге, коррупцияга каршы күрөшүү жагы дагы күчөтүлөт», — деди Камчыбек Ташиев.

Автоунааларды тапшыруу аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилиги жана Сузак РИИБнин өздүк курамы, ИИМдин ардагерлери катышты. Унаалар райондогу аймактык милиция бөлүмдөрүнө ыйгарылат.

Related posts

Ноокендеги сел: Бишкек-Ош унаа жолунда эки тараптуу каттам жанданды

admin

21-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Абанын күндүзгү температурасы

admin

Комментарий