Сузакта 18 жаштагы кыз өз атасы тарабынан зордукталып жүргөнүн айтып чыкты

Сузакта 18 жаштагы кыз өз атасы тарабынан зордукталганын айтып чыкты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Сузак РИИБге 2004-жылы туулган кыз арыз менен кайрылып, 2022-жылдын болжол менен сентябрь айынын аягында үйүндө 1980-жылы туулган атасы зордуктап салганын билдирген. Бул факты Сузак РИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Окуяга шектүү катары Сузак районунун тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: Сереп Медиа

Related posts

Бүгүн Бишкектеги мектептер жана бала бакчалар онлайнга өттү

admin

Жалал-Абадда өзүн «положенец» деп атаган шектүү кармалды

admin

Нарын шаарындагы эски көрүстөн рекультивацияланып, ордуна сейил бак түшөт

admin

Комментарий