Сузакта жаран үйүнүн жанына мыйзамсыз мечит салып алган

Жалал-Абад облусунда мечит курууга мыйзамсыз уруксат берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Сузак районунун Барпы айылында 2022-жылдын аягында жаран уруксат документтери жок, үйүнүн короосуна өз алдынча мечит куруп алганы аныкталган. 2023-жылдын март айында Жалал-Абад облусундагы диний мекемелердин ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун текшерүү максатында УКМКнын демилгеси менен түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын ишинин алкагында аталган мечиттин иштеши токтотулуп, 7500 сом өлчөмүндө административдик айып салынган.

Ага карабастан жаран башка айылдардын тургундарынын колдорун чогултуп, Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын, Жалал-Абад облусунун казыятынын, Сузактагы “Кадастр” жана архитектура бөлүмүнүн жардамы менен айылда жума мечитинин болгонуна карабастан, уруксат кагаздары берилген.

Ошол эле учурда аталган мечитте мыйзамдарында тыюу салынган диний агымдардын өкүлдөрүнүн зыярат кылуу фактылары белгиленди. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-берененин 1-бөлүгү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында Барпы айыл өкмөт башчысынын, Сузактагы “Кадастр” жана Архитектура бөлүмүнүн жетекчилеринин, Жалал-Абад облусунун казысынын, ошондой эле Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын аракеттерине тиешелүү юридикалык баа берилет.

Берилген каттоо күбөлүгү жокко чыгарылып, мечит Сузак районунун Барпы айылынын тургундарынын муктаждыгы үчүн социалдык объектке (ФАП же мамлекеттик дарыкана) айландырылат.

Related posts

Кемпир -Абад маселесин Ыргал Кадыралиева чечеби?

admin

Кыргызстанда бир айда уйдун эти 17,5 сомго, койдун эти 5,6 сомго кымбаттады

admin

Ырчы Айпери Кулбаева көз жарганын айтып, сүйүнчүлөдү

admin

Комментарий