Сузактагы кырсык. Жерге-Тал айылынын мугалимдерине психологиялык, медициналык жардам көрсөтүлдү

Сузак районунун Жерге-Тал айылынын №11 орто мектебинин мугалимдерине акысыз психологиялык жана медициналык жардам көргөзүлдү.

Психолог Мээрим Мураталынын демилгеси менен Сузак районундагы Манас айтуу саамалыгында «Портер» үлгүсүндөгү унаа менен болгон кырсыкка күбө болгон мугалимдер жамаатына психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүлдү. Невролог, психолог жана кардиологдон турган медиктер тобу мугалимдер менен жеринде иш алып барышты.

Мээрим Мураталынын билдирүүсүнө ылайык, агартуучулар катуу коркуп, стресс абалында калышкан. Көк өңдөгү «Портер»  көрүшсө дагы деле чочуп, уйкулары бөлүнгөн.  Ал каргашалуу күндү эстегенде көзгө жаш алып жатышат. Анткени, окуучуларынын коопсуздугуна өтө катуу санааркаган, балдар паникага алдырбашы үчүн болгон эмоциясын чыгарбай калышкан дагы коркуу жана депрессия абалда калып калгандар көп. Ал эми жакшы жагы мугалимдер менен окуучулар ортосундагы ынтымак бекемдеген.

Биздин редакция дарыгерлерге 3 суроо менен кайрылдык.

-Сузактагы мугалимдеринин психологиялык абалына кандай баа бересиз?

-Мугалимдердин психологиялык абалы орто. Катуу коркуу (көк түстөгү портер унаасын көргөндө сүзүп кетет деген ойлор көп келет ), баш оору менен жабыркагандар көп.

-Ушундай кырсыктарга күбө болгондо адам өзун кандай алып жүрүшү керек?

-Эң алгач паникага алдырбашы зарыл. Эмоцияны көзөмөлдөп, терең дем алып ,чыңалууну азайтуу керек. Эгерде  жанында жабыркагандар  болсо 103 номерине кайрылышы шарт, өз алдынча ордунан жылдырууга болбойт .

-Кырсыктын кесепетинен психикалык жактан жабыркагандар канча убакытта арылууга болот?

-Коркуу адамдын негизги сезимдеринин бири .Жашоодо өтө маанилүү  ролду ойнойт. Коркунуч — коргонуу реакцияларын активдештирип, денени качууга же анын аман калышына жардам бере турган аракеттерди жасоого даярдайт.

Коркуу — заманбап психотерапия менен дарылоону талап кылат.

Related posts

Тоолуу райондордо кар жаайт. 18-мартка карата өлкөдөгү аба ырайы

admin

Кыргызстанда издөөдө жүргөн эки жаран Испания менен Россиядан кармалды 

admin

УКМКнын Балыкчы шаардык бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы болду

admin

Комментарий