«Түкүрүп-какырбагыла, бут кийимиңерди тазалагыла». Акылбек Жапаров шаарда кандай жүрүү керектигин айтты

Акылбек Жапаров борбор калаада тазалыкты жана тартипти сактоого чакырды. 

«Айылдан келдиңер. Силер да окуганы келдиңер. Бирок бул деген өлкөнүн борбору. Жерге түкүрүп-какырбагыла, бут кийимиңерди тазалагыла, кир кийим менен троллейбуска кирбегиле. Биз троллейбуска кирерде бут кийимдерибизди тазалап кирчүбүз, кир болсо жөө басчубуз. Кайра ошол атмосфераны алып келишибиз керек. 

Бишкектин борборунда семечка саттырбагыла деп канча айтам. Самсы-мамсы саттырбагыла дейбиз. Иш-чара өткөрөбүз, «Тазалык» 40 тонна таштанды чыгарат. Уят да ошол. Башка өлкөлөрдөгүлөрдү көрүп жатпайбызбы өзүнүн таштандысын өзү алып кетет. Ошонун баары тарбия», — деди ал.

Related posts

Кыргызстандын бюджетинин тартыштыгы 35,4 млрд. сомго чыкты

admin

ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды

admin

31-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий