Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын эмне үчүн поезд менен жүрөт?

 Түндүк Корея мамлекетинин лидери Ким Чен Ын Орусияга брондолгон поезд менен барды. Түндүк Кореянын башчысын орусиялык саясатчылар аскердик оркестрдин коштоосунда тосуп алды.

Ким Чен Ын Орусияга расмий иш сапары менен экинчи жолу барды. Биринчи иш сапары 2019-жылдын апрель айында болгон. Анда дагы Ким Чен Ын капталында сары сызыгы бар жашыл брондолгон поезд менен барган.

Поезд өтө жакшы брондолгон. Болжол менен 50 км/саат ылдамдык менен жүрөт. Ал «Taeyangho» деп аталат. Бул корейче «күн» дегенди билдирет жана символикалык түрдө Түндүк Корея мамлекетинин негиздөөчүсү Ким Ир Сенге арналат.

Түндүк Кореянын биринчи башчысы, Ким Чен Ындын чоң атасы Ким Ир Сен брондолгон поезд менен саякаттоо салтын баштаган. Ал дал ушул брондолгон поезд менен Вьетнам жана Чыгыш Европага саякатка чыккан. Албетте, бул поезддер кылдаттык менен кайтарылган. Коопсуздук кызматкерлери поезд жүргөн маршруттарды жана станцияларды текшерип турушкан.

Ким Ир Сен 1930-жылдары Японияга каршы партизандык кыймылдын катышуучусу болгон (Корея ошол кезде Япония тарабынан оккупацияланган).1945-жылы Корея бошотулгандан кийин Ким Ир Сен брондолгон поездде советтик аскерлердин коштоосунда мекенине кайтып барган.

Ким Ир Сен 1949-1950-жылдары Орусияга алгачкы иш сапары менен барган. Иосиф Сталин менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Түндүк Кореяга СССРден экономикалык жана аскердик колдоо көрсөтүү максатында брондолгон атайын поезд тартууланган. Ким Ир Сен советтик жетекчинин белегин активдүү пайдаланган. Ал өлкөнү башкарып турган маалда «№1 поезд» жалпы 368 000 км жол басып өткөн деп айтылат.

1994-жылы бийликке келген Ким Ир Сендин уулу Ким Чен Ир да учакка караганда поездди артык көргөн. Ким Чен Ир 2001-жылы Түндүк Кореянын лидери катары Орусияга биринчи расмий сапарын жасаган. Ал брондолгон поездде бүт Россияны кыдырып, атасынын жолун иш жүзүндө кайталаган. Пхеньяндан Санкт-Петербургга чейинки жана кайра артка кеткен поезд сапары мамлекет башчысы жасаган эң узак саякат катары Гиннесстин Рекорддор китебине кирген. Бул поезд сапары 26-июлдан 18-августка чейин созулган.

2011-жылы Ким Чен Ир өлкөнү кыдырып жүргөн учурда поезддеги вагон-кабинетинде каза болгон.

Сыртынан эски көрүнгөнү менен поезддин ичи эң акыркы технология менен жабдылган. Анын вагондорунун бири сыйлуу конокторду кабыл алууга арналса, экинчиси эң алдыңкы технологиялары бар байланыш штабы болуп саналат. Азырынча Ким Чен Ындын канча брондолгон поезди бар экени белгисиз.

Related posts

Бишкектин четинде аскердик тик учак кулап түшкөнү айтылды

admin

Ош шаардык кеңеши мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүштү

admin

«Крокустагы кандуу окуя». Шектүүлөрдүн сурак берген учурунан видео жарыялашты

admin

Комментарий